Катализатору жок автоунааларга 20 миң сомдон айып пул киргизүү сунушталууда
Унааларында катализаторунун жоктугу үчүн жеке жактарга 20 миң сомдон айып салуу сунушталууда. Бул мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Демилгечи – Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев.
Негиздөө маалымкатына ылайык, алгачкы мамлекеттик каттоодо, кайра каттоодо, каттоо маалыматтарын өзгөртүүдө, транспорттун катализаторлору жок учурда жеке жактарга – 20 миң сом, юридикалык жактарга – 65 миң сом айып салынат.
Эске салсак, автоунаалар КРда айлана-чөйрөнү, башкысы абанын сапатын булгаган негизги булак болуп саналат. “Унаа” мамлекеттик мекемесинин маалыматы боюнча, 2022-жылдын 1-январына карата өлкөдө 1.1 млн унаа катталган.
Эскерте кетсек, 1995-жылдан тартып республикада автоунаалардын саны он эсеге өстү. Буга чейин учурда Кыргызстанда 1.4 млн автоунаа бар экенин айтылган.