Коом

Түркиялык нейрохирург мээ ооруларын дарылоо боюнча акысыз семинар өткөрөт. Күнү, дареги

Түркиялык нейрохирург Гүлшах Өзтүрк мээ ооруларын дарылоо боюнча жергиликтүү дарыгерлерге акысыз семинар өткөрөт. Бул тууралуу Asmer Medical компаниясынан билдиришти.

Билдирүүгө караганда, иш-чара 21-декабрь саат 13:30да Бишкектеги Plaza отелинде болот.

“Окутуунун жүрүшүндө жергиликтүү дарыгерлер ар кандай мээ илдеттерин дарылоонун заманбап усулдары боюнча маалымат алышат. Ошондой эле иш-чаранын жыйынтыгында сертификаттар тапшырылат”, — деп айтылат маалыматта.

Ал эми 22-декабрда чет элдик нейрохирург бейтаптарды кабыл алып, консультация берет. Ага паркинсон, эпилепсия (талма) жана ар кандай мээ илдеттеринен жабыр тарткан адамдар кайрылып, маалымат ала алышат.

Дүйнөдө жалпысынан 7 млн адам мээ ооруларынан жабыркап келет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button