Коом

Ноокен районунда жаңы калкты тейлөө борбору ачылды

Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Масы айылында жаңы заманбап калкты тейлөө борбору (КТБ) пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мекеменин ачылуу аземине облус башчысы Абсаттар Сыргабаев, Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин директору Нурсултан Сардарбеков, район акими Таалайбек Ишенбеков жана жергиликтүү тургундар катышты.

Заманбап калкты тейлөө борбору райондун 144 миңден ашуун калкына ыкчам электрондук кызмат көрсөтүү милдетин аткарат. Имаратты куруу райондун өнүктүрүү фондунан каржыланып, 24 млн сом акча каражаты жумшалган. Анда электрондук кезек түзүү залы, мамлекеттик нотариус, ЗАГС бөлүмдөрү уюштурулган. Мындагы жайда эми паспорт, нике күбөлүгү, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, даректүү каттоо, чет өлкөлүк жарандарды каттоо, жарандык алуу жана башка документтерди алуу бир жерден жеткиликтүү болот.

Ыйгарым укуктуу өкүл облустун бардык аймактарында заманбап калкты тейлөө борборлорун уюштуруу аракеттери колго алынгандыгын белгиледи. 2022-жылы жалпы төрт райондо калкты тейлөө борборлору ачылып, пайдаланууга берилгенин айтты. Бул аракеттердин баары тургундардын убактысын үнөмдөө менен ыңгайлуу шарт түзүү максатын көздөөрүн кошумчалады.

Калкты тейлөө борборунун имаратынын бир бөлүгү Ноокен району менен Майлуу-Суу шаары боюнча пробация органы катары иш алып барат.

Жалал-Абад облусунда “Санарип аймак” автоматташтырылган тутумуна катталган үй-чарбалар 99 пайыз, ал эми калкты катто 77 пайызга аткарылды. Азыркы учурда район-шаарларда 6 ири калкты тейлөө борбору иш алып барууда.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button