Коом

Тогуз айда “Кыргызалтындын” таза кирешеси 38 млрд сомго жетти

Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында “Кыргызалтын” ААКтын таза кирешеси 38 млрд сомго жетти. Бул тууралуу 20-декабрда аталган ишкананын маалымат кызматынан билдиришти.

2022-жылдын 11 айында “Кыргызалтын” ААК салыктар жана социалдык төлөмдөр боюнча 5 млрд сом өлчөмүндө каражат чегерген. Бүгүнкү күндө “Кыргызалтын” биргелешкен ишканалар менен чогуу Кыргызстандагы алтындын 95%дан ашыгын өндүрөт.

Кошумчалай кетсек, “Кыргызалтын” 30 жылдык мааракесин белгиледи. Куттуктоо сөзүндө жетекчи Элдияр Калдарбеков белгилегендей, “Кыргызалтын” ААК өлкөнүн тоо-кен тармагына эбегейсиз салым кошуп келет.

“30 жыл ичинде “Кыргызалтын” жаңы жумуш орундарын түзүүгө, ири инвестицияларды тартууга, аймактардагы инфраструктураны өнүктүрүүгө, жергиликтүү тургундарга социалдык колдоо көрсөтүүгө салым кошкон. Бүгүнкү күндө “Кыргызалтын” өлкөдөгү эң ири 10 компаниянын катарына кирет. Биздин биргелешкен ишканаларда, туунду ишканаларда жана филиалдарда 7 миңге жакын адам иш менен камсыз болгон”, – деди ал.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button