Коом

Төрага Шакиев Министрлер кабинетин дары-дармектердин чайкоочулук менен кымбатташына жол бербөөгө чакырды

Бүгүн парламенттин кезектеги жыйынында Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев өлкөдөгү оор санитардык-эпидемиологиялык абалга көңүл бурду.

Төрага вирустук инфекциялардын кескин көбөйүшүнө токтолуп, Министрлер кабинетин, Саламаттыкты сактоо министрлигин жана башка жооптуу мамлекеттик органдарды дары-дармек рыногун көзөмөлгө алып, жарандардын дарыларга болгон муктаждыгын толук канааттандырууга чакырды.

«Бүгүнкү күндө өлкөбүздө көптөгөн оорулар күч алууда, сасык тумоонун бир нече түрү жүрүп жатат. Элдин саламаттыгын камсыз кылуу мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири. Саламаттыкты сактоо министрлиги, Министрлер кабинети, аптека түйүндөрүндөгү баа маселелерин көзөмөлдөгүлө. Даарылардын баалары кымбат болуп, жетишсиздиги да курч болуп жатат. Эч бир спекуляцияга жол бербей, элдин ден соолугун көңүл борборуна алып, ушул маселелерди катуу көзөмөлдөп тургула», — деди Нурланбек Шакиев.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button