Ушул жылдын 10 айында Кыргызстанга 29 миң 110 жеңил унаа алып келинген. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 3 эсеге көп.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, унаалардын жалпы баасы 345,1 млн АКШ долларын түзгөн. Эң көбү Грузиядан — 12,4 млн долларга 6 миң 463 унаа алып келинген. Өткөн жылдын ушул мезгилинде Кыргызстан Грузиядан дээрлик 5 эсе аз, башкача айтканда 1135 унаа алып келген.

Жеңил унааларды импорттоо боюнча кийинки орунда Корея турат, ал жактан 39 млн долларга 5 755 унаа импорттолгон. Январь айынан октябрга чейин Россиядан жергиликтүү унаа рыногуна 5612 жеңил унаа кирген, алардын жалпы баасы 77,5 млн долларды түзгөн.

Ал эми АКШдан алып келинген унаалардын саны 3922ни түздү. Алардын жалпы баасы 43,3 млн долларга жеткен. Япониянын автомобиль өнөр жайы ички жолдорду 27,6 млн долларлык 2250 автоунаа менен толуктады. Литвадан Кыргызстанга 1643, Кытайдан 1078 унаа алып келинген. Башка жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн 700гө жакын алынган.