Президент Садыр Жапаров кечээ, 24-декабрда Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Миң-Өрүк жана Достук айылдарына барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы аталган чек арадагы айылдарда үйлөрдү куруу жана калыбына келтирүү иштери менен таанышты.

Азыркы учурда Миң-Өрүк айылында 37 турак-жайда курулуш иштери жүрүп, анын 16сында үйдүн ички ремонтун бүтүрүү иштери жүрүп, 10 үйдүн чатыры жабылды.

Достук айылында бардык 59 үйдүн пайдубалын түптөө аяктады, 4 үйдүн дубалы курулду, 36сында плиталары орнотулууда. 14 үйдүн чатырын жабуу иштери жүрүүдө.

Курулуштун жүрүшү менен таанышкан Мамлекет башчысы жергиликтүү тургундардын талкаланган турак-жайларын калыбына келтирүү иштерин тездетүүнү тапшырып, курулуш иштерин бардык нормаларды жана тиешелүү стандарттарды сактоо менен жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Садыр Жапаров ошондой эле, жергиликтүү тургундардын ыңгайлуу жашоосу үчүн айылды тийиштүү инфраструктура менен камсыздоону тапшырды.

Мамлекет башчысы турак-жайларды көрүп чыккандан кийин эки айылдын тургундары менен жолугушту, алар насыя алуу, атап айтканда пайызсыз насыя алууга мүмкүнчүлүк берүү, ирригациялык тармактарды өнүктүрүү, социалдык жеңилдиктер, ички жолдорду куруу жана социалдык объектилерди, айрыкча мектептерди куруу боюнча көйгөйлөрдү көтөрүштү.

Садыр Жапаров мамлекеттин негизги максаттарынын бири — карапайым элдин турмушун жакшыртуу экенин баса белгиледи. Бул үчүн зарыл болгон шарттардын бардыгы этап менен ишке ашат.

Өз кезегинде жергиликтүү тургундар мамлекет башчысы Садыр Жапаровго жалпы аймакка көңүл буруп, алардын айылдарындагы калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен жеке таанышканы үчүн ыраазычылык билдиришти.

Ошону менен бирге алар Баткен облусуна өзгөчө макам берүү аймактын өнүгүшүнө салым кошо баштаганын баса белгилешти.