КоомКылмыш-кырсык

Финансы министринин орун басары Руслан Татиков мас абалында унаа айдап баратып кармалды

Финансы министринин орун басары Руслан Татиковго спирт ичимдигин ичип алып, унаа башкарганы үчүн 17 миң 500 сом айып салынды. Бул тууралуу NewTV каналынын «NewTV Патруль» берүүсүндө айтылат.

Түнкү саат 3төр чамасында күмүш түстөгү Lexus үлгүсүндөгү унаа рейддин алкагында инспекторлор тарабынан токтотулган. Текшерүүнүн жүрүшүндө рулда отурган мамлекеттик кызматкер — Руслан Татиковдон аралыктан спирт ичимдиги сезилип жатканы байкалгандыктан, аны кызматкерлер Наркология борборуна алып жөнөшкөн.

Тартылган видеодо Татиков инспекторго: «Сенин жетекчиң, сүйлөш» деп телефонун такап жатканы көрүнөт. Татиковдун жубайы, жанында бара жаткан айымдар да кырдаалга аралашып, тартып жаткан инспекторлор менен урушуп, камерасын алууга аракет кылып, жолдошу чоң жумушта иштерин, аны эч ким тартууга укугу жок экенин, эртең тизелеп ыйлай турганын айтып, урушуп жатканын көрүүгө болот.

Татиковду Наркология бөлүмүнө жеткиришкенде ал спирт ичимдигин ичкени аныкталып, ага 17 миң 500 сом айып салынды.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button