Коом

Бишкектеги Ак-Босого конушуна 130 түп көчөт отургузулду

Бишкектеги Ак-Босого конушундагы аянтчага 130 түп ийне жалбырактуу көчөт отургузулду. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, көчөттөр БУУнун Миграция боюнча эл аралык уюму тарабынан берилди. Көчөт отургузууга аталган конуштун тургундары, Биринчи май акимчилигинин, мекеменин өкүлдөрү катышты.

Белгилей кетсек, Биринчи май акимчилиги менен БУУнун алдындагы Миграция боюнча эл аралык уюмдун ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, жаңы сейил бак курулуп жатат. Сугат арыктары коюлуп, тротуардын негизи орнотулуп, топурак жана бордюрлар алынып келди.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын жаз айларында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) күнүнө карата БУУдагы Эл аралык миграция уюму шаарга 70 түп жалбырактуу дарактардын, анын ичинен 40 түп кайың жана 30 ийне жалбырактуу бактардын көчөттөрүн тапшырган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button