Бишкекте президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны өттү.

Жыйында президент Ош облусу боюнча акыркы 15 жылда мыйзамсыз курулган турак-жайлардын саны 15 миң 84 болгонун айтты.

“2020-жыл мен бийликке келгенде ал жерлер трансформацияланарын айткам. Азыр болгону 16 эле документ берилиптир. Калганына эмнеге бербей жатасыңар?” — деп суроо салды өлкө башчы.

Президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов 16 миң 196 үйдүн жери трансформацияланмак экенин айтып жатканда, Жапаров эки жыл мурун 15 миң 84 болгонун белгилеп, эмнеге көбөйүп кеткенин сурады.

Бирок президенттин өкүлү бул суроого так жооп бере алган жок.

“Кара-Суу районунда 16 адамга, Араван районунда 20, Өзгөн районунда 20 адамга кызыл китеп берилет. Кийинки жылдын биринчи кварталында документти толук берип бүтөбүз деп убада беребиз”, — деди Жамалдинов.

Садыр Жапаров үйлөрдүн саны 15 миңден 16 миңге көбөйүп кетишинде коррупциялык элементтер бар болушу мүмкүн экенин айтып, турак-жай курулуп калган жерлер гана трансформацияланарын кошумчалады.

Сөз соңунда Жамалдинов архиологиялык жана геологиялык чалгындоонун бүтүмүнөн улам жумуш кечеңдеп жатканын билдирди.