Социалдык фонд 2022-жылдын январь-ноябрь айларында 65 миң 771 жаранга пенсия дайындалып чектеди. Бул тууралуу фонддон билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде ноябрь айында 2 миң 835 жаранга пенсия чектелди.

Андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1 миң 791 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.