Коом

МИК «Керемет Банк» менен ипотекалык турак жай үчүн кошумча макулдашууга кол койду

«Керемет Банк» ААК «Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ААК менен биргеликте Мамлекеттик турак жай программаларын ишке ашырууда кызматташуу боюнча Башкы келишимге жана Кошумча макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу банктын маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, «Керемет Банк» ААК курулуш компанияларынын арасында аккредитация өткөрүп, жыйынтыгында «Фаворит Строй Групп» тандалган. Макулдашуунун алкагында «Фаворит Строй Групп» Анкара 44 дареги боюнча Бишкектеги «Түндүк» турак-жай комплексинде 108-сериядагы 55 батирди курууну пландап жатат.

«Жеткиликтүү ипотека» программасынын катышуучулары үчүн курулуп жаткан турак-жай үчүн насыялар жеткиликтүү. Насыянын шарттары: 25 жылга чейинкинин жылдык пайызы 8%, баштапкы төлөм турак-жайдын баасынын 20%дан кем эмес бөлүгү», — деп айтылат маалыматта.

Толук маалымат алуу үчүн «Жеткиликтүү ипотека» багыты боюнча артыкчылыктуу тизмеде турган турак жай программасынын катышуучулары «Керемет Банкка» кайрылса болот. 2022-жылдын апрелинен тартып аталган банк мамлекеттик турак жай программалары боюнча МИК менен кызматташып келет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button