Коом

Элмирбек Иманалиевдин туулган күнүнө карата эскерүү концерти өтөт

Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Кыргыз эл артисти, белгилүү төкмө акын Элмирбек Иманалиевди эскерүү концерти болот. «Айтыш » комдук фондунун төрагасы Асылбек Маратов иш-чара акындын туулган күнүнө карата уюштурулганын билдирди.
Концерт 16-январда саат 18:00дө башталат.
Акын 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында жарыкка келген. Ал көп кырдуу талант эле. Төкмө акын, жазма акын, обончу, аткаруучу, дастанчы, манасчы болгон. 2020-жылы 20-апрелде оорудан улам 42 жашында көз жумган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button