Коом

Тимур Саралаев, эксперт: “Кыргызстан-Өзбекстан-Казакстан биргелешип курган ГЭС – келечекте 100% мамлекетибизге калат”

“Жамандын жарты өнөрү бар, жата калып ат үркүтөт”-дегендей, акыркы кезде курулай кептер менен элдин пикирин бурмалагандар пайда бар. Сүрмө топту дүүлүктүргөн ушундай адамдардын кесепети бүтүндөй элге зыян кылышы ыктымал.

Жакында Кыргызстан-Өзбекстан-Казакстан биргелешкен “Камбар-Ата 1” ГЭСин куруу боюнча үч тараптын министрлери кол коюшту. Бул ириде биздин мамлекетке өтө пайдалуу долбоор.

Кыргызстан эгемендик алгандан тартып, тээ атам замандан бери эле сууларыбыз Өзбекстанга, Казакстанга агып жатат. Аны же тосуп ала албайбыз, же суубуз үчүн бир сом албай эле келдик. Кудайдын суусу экен, агып кетип жатат, алар дагы бекер эле пайдаланып келишет.

Кыргызстан бу сапар, “суубузду бекер эле пайдалана бербей салым кошкула, келгиле биргелешип Кыргызстандын аймагына ГЭС куралы, салган каражатыңарды электр жарыгы менен чыгарып аласыңар”,- деп макул кылдырып, Кудай буюрса иш башталды.

ГЭС курулуп бүтүп, иштеп баштагандан кийин Кыргызстан (34%) Казакстан (33%) менен Өзбекстан (33%) башкарууга тең шерик болушат. Бул түбөлүк эмес, эл аралык келишимдер, Кыргызстандагы келишимдер боюнча деле 29-39 же 49 жылга келишим түзүлөт.

Канча жылга келишим болгону тууралуу менде маалымат жок, бирок келишкен аралыкта Казакстан менен Өзбекстан салган инвестициясын актап, өздөрү башкаруудан чыгып кетишет. ГЭС 100% Кыргызстанга калат, келечек муунга кызмат кылып, мамлекеттин байлыгы болуп калат.

ГЭСти куруунун сметасы 6 млрд доллар экен. Муну биз жалгыз Кыргызстандын күчү менен кура албайбыз. Муну түшүнгөнү деле, түшүнбөгөнү деле  “кокуй ГЭСти биргелешип курат экен, өзүбүз курсак болмок да!” — деп сындап жатышат.

Эсиңерде болсо, 3 жыл мурун Нарынга инвесторлор логистикалык борбор курабыз деп келишкен. Ошондо дагы кээ бирлер —  “о кокуй логистика курбаш керек, Кытай каптап кетет” — деп жергиликтүү элди азгырып, жалган маалыматтар менен коркутуп, тилекке каршы ал долбоор ишке ашпай, инвесторлор кетип калышкан. Кийин логистикалык борбордун зарылчылыгы, пайдалуу экенин элдер түшүнүп, ошол эле инвесторлорду кыргыз бийлиги кайра чакырган. Ал убакта салабыз деген каражатын башка мамлекетке инвестиция кылып салышкан экен, Кыргызстанга келбей коюшту. “Чакырганга келбеген, ымдаганга зар болот” дегендей азыр логистика курууга инвестор чакырып келтире албай жүрөбүз!

Мына ушундай болуп, Кыргызстан эки мамлекетти биргелешип курууга көндүрүп, абдан ири долбоорду ишке ашырганы жатса, айрым топтор —  “мындай болбойт, суубузду бергени жатат”-деп тескери маалымат таратышууда. Дагы бир жолу айтам, суубуз ансыз дагы Өзбекстанга, Казакстанга бекер агып жатат. Аны тосуп, токтотуп кое албайбыз! Биргелешип ГЭС курабыз, белгиленген мөөнөттө алар тең шерик болуп иштеп, андан соң чыгып кетет, ГЭС Кыргызстанда толугу менен калса азыркы шартта анда бул туура келишим.

Муну кубаттап, Өзбекстан менен Казакстан кайра айнып кетпесе экен деп тилешибиз керек. “Суубузду берип жатат”-деген куру кептер, мамлекеттик стратегиялык пландардын ишке ашышына, экномикалык абалыбызды жакшыртышына атайын кылынып жаткан жолтоо.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button