Коом

УКМК издөө жарыялаган депутат Эмил Жамгырчиев жумушка чыкты

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев бүгүн жумушка чыгып, бир жарым айдан бери каякта жүргөнү тууралуу маалымат берди.
Ал Кыргызстандан эч жакка кетпегенин, атасы катуу ооруп Бишкектеги ооруканаларга каттап жүргөнүн айтты. Ошол учурда өзү да тумоолоп эки жума жатканын белгиледи.
Ал эми УКМКнын тынчсызданып, издөө жарыялаганы үчүн ыраазычылык билдирди.
«Бул УКМК кызматкерлеринин түздөн-түз милдети. Себеби ар бир жаран жок болуп кетсе, издөөгө тийиш. Ал үчүн ыраазычылык айтыш керек. Эл өкүлүнө сарсанаа болуп издөө жарыялаганына ыраазымын. Бирок ошол эле маалда мен Бишкекте жүргөнүм тууралуу маалымат бергем», — деди Жамгырчиев.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button