Коом

Баткенде бир жыл ичинде жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактылары үчүн 29476 протокол толтурулган

Баткен ОИИБи боюнча ЖКККБнын кызматкерлеринин аткарган иштери боюнча 2022-жылдын 12 айын жыйынтыктаган ыкчам кеңешме болуп өттү. Ага Баткен ОИИБнын начальнигинин орун басары милициянын полковниги Бактияр Балтабаев жана ЖКККБнын начальниги милициянын подполковниги Мирлан Боенов жана орун басары милициянын майору Абдибасыт Исаев, ошондой эле улук жана кенже испекторлор катышты. Ыкчам кеңешмеде жол кырсыгын алдын алуу жана өспүрүмдөрдүн жолдогу коопсуздугу боюнча маселелер каралып, жетекчилик тарабынан бөлүмчөлөргө тийиштүү тапшырмалар коюлду.

Жол инспекторлору жыл ичинде жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактылары үчүн 29476 протокол толтурушкан.
Алардын ичинен, автоунаага тийиштүү документтери жок айдоо-645, мас абалында автоунаа башкаруу-653, ылдамдыкты ашыруу-4396, автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып айдоо -65, коопсуздук курун тагынбай авто унаа башкаруу -13883, ар кандай жол кыймылынын эрежелерин бузуу-9834 аныкталса, 1727 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.

Баткен ОИИБи боюнча ЖКККБнын Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button