«Ихсан» турак жай кооперативи боюнча кылмыш иши сотто каралып баштады. Бул туурасында ИИМдин тергөө кызматынын бөлүм башчысы Султан Макилов билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өтүп жаткан «Турак жай кооперативдеринин келечеги жана ага алдангандардын тагдыры» аттуу тегерек столго катышууда.
«Сотко иштин жарымы эле жиберилген. Себеби бул түндүк жана түштүк филиалы болуп экиге бөлүнгөн экен. Биз сотко азыр түндүк филиалыныкын жибердик, түштүк бөлүгү тергелип жатат. Акча кайда кеткенин, кантип өндүрүү жагын карап жатабыз. Экспертизалардын корутундусу бүтө элек, бухгалтердик аудит жүргүзүлүүдө», — деди Макилов.
Ошондой эле ал каражатты элге өндүрүп берүү максатында ИИМде атайын эсеп ачылганын, ага «Ихсан» турак жай кооперативинен 12 миллион сом түшкөнүн белгиледи.