Коом

“Унаа” мекемесинин кызматтарын мындан ары QR код аркылуу төлөөгө болот

Эми Унаа” мамлекеттик мекемесинин кызматтарын тиркеме жана электрондук капчык аркылуу төлөөгө болот. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлайт.

Билдирүүгө ылайык, Кыргызстандагы банктардын мобилдик тиркемелери жана уюлдук операторлордун электрондук капчыктары аркылуу QR кодун окуу менен накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алууну ишке киргизилди.

Жарандар төмөнкү тиркемелер аркылуу төлөмдөрдү жүргүзө алат:

  • «РСК Банк» ААКдан «RSK24» мобилдик тиркемеси;
  • «ЭЛКАРТ-Мобайл» улуттук төлөм системасы;
  • «Банк Companion» ЖАКтан «Кошелек компаньон»;
  • «Халык Банк Кыргызстан» ААКсынан «MyHalyk»;
  • «Бакай Банк» ААКдан «Бакай24»;
  • « Демир Кыргыз Интернешнл Банк» ЖАКдан «Демир Банк»;
  • «Айыл Банк» ААКсынан «АБ24»;
  • «МБанк» ААК «Коммерциялык Банк Кыргызстан»;
  • «НУР Телеком» ЖЧКсынан «О! Деньги» (мобилдик оператор О!);
  • «Sky Mobile» ЖЧКсынан «BalanceKG» (Beeline мобилдикоператору);
  • «Namba Group» тарабынан Namba One».

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button