Социалдык тармактарда президент Садыр Жапаров ар бир үй-бүлөгө 15 миң сомдон таратып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

«Мындай маалымат чындыкка дал келбейт, ишенбеңиздер. Интернет аркылуу президенттин жана анын жакындарынын атын пайдаланып таратылган расмий эмес маалыматтар алдамчылык», — деген Орунбеков.