Түп районунун Ак-Булуӊ айылындагы көлмөдөгү ачык муз аянтчасы — айылдыктардын сүйүктүү кышкы эс алуу жайы болуп саналат. Бул жерде эс алууга балдар гана эмес, курактагы адамдар да келишет. Популярдуу эс алуу жайы эч качан бош болбойт, айрыкча дем алыш күндөрү. Жергиликтүү тургундар айткандай, кээде муз аянтчада алманын түшө турган жери жок болуп калат. Алардын ою боюнча, музда коньки тебүү ден соолукту чыңдоонун эң жакшы ыкмасы гана эмес, таза абада көңүл ачуу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк.

 

Түп РИИБдин балдар иштери боюнча улук инспектору милициянын улук лейтенанты Каныбек Асановдун айтымында, музда коньки тебүү — өзгөчө балдар үчүн абдан кызыктуу жана пайдалуу. Бирок, бул оюн-зоок бир четинен өтө опурталдуу. Көптөгөн балдар жылдын ушул мезгилинде көлмөдөгү тоңгон сууга ойногону барышып, сактык чараларын унутуп калышат.


Муз үстүндөгү жүрүм-турум эрежелери тууралуу милициянын кызматкери ачык муз аянтчасында гана эмес, үймө-үй кыдырып, аңгемелешүү жана түшүндүрүү иштерин такай жүргүзүп турат. ӨКМ кызматкерлери менен бирге муз катмарын ченөөгө ар дайым катышат. Текшерүү көрсөткөндөй, бул күндөрү орногон аба ырайы муз аянтчасына толук шайкеш келет. Муз катмарынын калыңдыгы айылдыктарга коркпостон музга чыгууга мүмкүндүк берет.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, балдар иштери боюнча милициянын тескөөчүсү Каныбек Асановду дем алыш күндөрү, айрыкча кышкы каникулда балдардын жанынан ачык муз аянтчасында көрүүгө болот. Дайыма алар менен сүйлөшөт. Кээде өзү муз үстүндө конькиге туруп, балдардын, өзгөчө кичиникей эркек балдардын өтүнүчү боюнча аларды чанаа менен муз үстүндө сүйрөп ойнотот. Себеби, өмүрлүк жолдошу менен эки кызын тарбиялап жатышат.
«Милициянын тескөөчүнүн көкүрөгүндө эӊ ыймандуу жана боорукер жүрөк согуп жатканын, көпчүлүк адамдар билбесе керек. Анткени, кимдир бирөө ишенимдүү жана бекем кадам менен жашоо жолунда өз максатына жетишет эмеспи. Ал эми, айрымдар өз турмуш жолунда мүдүрүлүп, багытын жоготушу мүмкүн. Ушундайда, колун сунуп, колдоп, туура багытты көрсөтө турган адамдын болушу өтө маанилүү. Мындай жоопкерчиликти татыктуу аркалаган биздин Каныбек Асанов болот», — деп белгилешти Ак-Булуң айылынын тургундары.