Коом

Кубат Абдраимов «Кыргызалтындын» төрагасы болуп дайындалды

Бүгүн, 19-январда Кубат Абдраимов «Кыргызалтын» ААКтын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Башкармалыктын төрагасы болуп дайындалганга чейин Абдраимов компаниянын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон. Ал бул кызматка 2022-жылдын сентябрында келген. Ал эми 2018-жылдын октябрынан 2021-жылдын февралына чейин Ош шаарынын прокурору кызматын аркалаган.

Эскерте кетсек, «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын мурдагы төрагасы Элдияр Султанов кызматтан кетүү боюнча арызын жазган болчу. Султанов «Кыргызалтындын» жетекчиси болуп 2022-жылдын сентябрында дайындалган. Ага чейин ал «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасын жетектеп келген.

Ал эми Султановго чейин өткөн жылдын сентябрь айында «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы Жарасул Абдураимов, ошондой эле төраганын орун басарлары Амантур Турсуниязов, Жеңиш Сейдалиев жана Данияр Конокбаев бир убакытта кызматтан кетишкен жана анын себеби айтылган эмес.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button