Коом

Катуу суук Кыргызстандын да жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн да энергосистемасынын күчүн сыноодо

Аномалдуу суук Борбор Азия чөлкөмүндөгү бардык мамлекеттердин энергетикалык системаларынын күчүн сынап жатат. Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Афганистандын жана Түркмөнстандын аймактарында аба ырайы ɵтɵ суук чекке жетти.

Түркмөнстандагы катуу суук Орусиянын президенти Владимир Путинди да таң калтырды. «Карагылачы, эмне болуп жатат: Европада аба ырайы жылуу, Түркмөнстанда — бүгүн мен президент Сердар Бердымухамедов менен сүйлөштүм — минус 25 Түркмөнстанда! Өзбекстанда — минус 23», — деди Владимир Путин жыйында.

Ашхабадда электр энергиясы жана суу берүү үзгүлтүккө учурап, Афганистандын түндүк аймактары жарыксыз калды.

Катуу суук Казакстандын баш калаасынын көчөлөрүн чыныгы муз тебүүчү аянтчага айлантып, социалдык тармактарда астаналыктардын айрымдары коньки менен шаарды кыдырып жүргөнүн кɵрүүгɵ болот, ал эми Өзбекстанда 84 метр Сувтушар каскаддуу шаркыратмасы толугу менен тоңуп калганы тууралуу видеолор тарап жатат.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Өзбекстан сууктан өзгөчө жапа чеккен. Окуялар көрсөткөндөй, Өзбекстандын энергетика системасы катуу кышкы сыноолорго даяр эместиги, бул өлкөдө ири энергетикалык кризисти жаратты.

Ташкентте жана айрым облустарда аба ырайынын сууктугуна байланыштуу газ берүүнү кыскартууга туура келип, бул өз кезегинде көгүлтүр отун менен иштеген айрым өнөр жай ишканаларынын жана ТЭЦтин токтоп калышына алып келди. Натыйжада көптөгөн өзбекстандыктар газды, светти, жылуулукту жана сууну үзгүлтүксүз өчүрүп жатышат, мындан тышкары бардык май куюучу станциялар убактылуу жабылып, өлкөдө көмүрдүн баасы кымбаттап, көчөлөрдү жарыктандыруу чектелип, кризистен чыгууга Коргоо министрлигинин күчтөрү жана каражаттары, Ички иштер жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтери тартылды.

Күзгү-кышкы жылытуу мезгилине жетишерлик даярдык көрбөгөндүгү үчүн Ташкенттин мэри жана башка бир катар аткаминерлер ээлеген кызматтарынан бошотулду.

Өлкөдөгү курч кырдаалдан улам Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Сингапурга пландалган үч күндүк мамлекеттик сапарын бир күнгө кыскартууга аргасыз болду.

Ал эми Кыргызстанда «ысык көл» деп аталган Ысык-Көл жарым-жартылай тоңду. Бирок, аба ырайынын катаал шарттарына карабастан, Кыргызстандын энергетика системасы эң жогорку жүктөмдү көтөрүп жатат. Албетте, калктуу аймактарда электр энергиясы кыска мөөнөттүү үзгүлтүккɵ учураганы менен, масштабдуу энергокризис катталган жок жана анын алдын алуу иштери уланууда.

Өлкөнүн негизги стратегиялык объектилери – Бишкек ТЭЦи жана Токтогул ГЭСи авариясыз жана өчүрүүлөрсүз иштеп жатат.

Республика боюнча энергетиктер жылуулук жана жарык менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана авариялык кырдаалдардын алдын алуу үчүн объекттерде күнү-түнү нөөмөттө турушат.

Булак: ВБ сайты

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button