Тимурлан Маданбеков «Манас эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун Оштогу филиалынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун» маалымат кызматы билдирди.

Жаңы жетекчи «Ош» эл аралык аэропортунун эмгек жамаатына кечээ, 19-январында тааныштырылды.

Буга чейин Тимурлан Маданбеков «МЭА» ААКнын Оштогу филиалынын директорунун орун басары болуп иштеп келген.