Башкы прокуратура социалдык тармактарда УКМКнын тергөөчүсүнүн кармалышы Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн ортосунда тирешүү күчөп баратканынан кабар берет деген кептерди четке какты.

«Кармоо Башкы прокуратуранын, УКМКнын жана Ички иштер министрлигинин жетекчилеринин ортосундагы көзөмөл, укук коргоо жана атайын кызматтардын кызматкерлеринин  катарларын абийирсиздерден тазалоо боюнча түзүлгөн келишимдин алкагында жүргүзүлдү», – деп белгиледи көзөмөл органы.

Эске салсак, буга чейин УКМКнын Ош облусу боюнча башкармалыгынын тергөөчүсү 15 миң доллар өлчөмүндө өзүнүн иш бөлмөсүндө пара алып жаткан жеринен прокуратура тарабынан кармалганы маалымдалган. Ошондон кийин дароо эле айрым интернет колдонуучулар күч түзүмдөрүнүн ортосундагы кандайдыр бир чыр-чатакты жазууга шашылышты, бул алардын кесиптештеринин мурдагы кармалышы үчүн өч алуусу дегенди түшүндүрөт десек болот.

Отко май чачкан айрым массалык маалымат каражаттары УКМКнын бир эмес, бир нече тергөөчүсү дароо камакка алынды деген жалган маалымат чыгарууга үлгүрүштү. Ырас, кийинчерээк кеп бир гана адам жөнүндө болуп жатканы белгилүү болду, бирок бул маалыматты бир тараптуу жалган айтып чыгууга аракет жасап, таратууга аракет жасашты.

Айрым ММК булактары жазгандай ИИМдин спецназдары Ош облусу боюнча УКМКнын имаратына кирүүгө аракет кылган күч түзүмдөрүнүн ортосунда массалык мушташ болгону тууралуу маалыматка такыр ишенбейм. Биринчиден, УКМКнын имараты кайтарылган, анткен менен бул министрлик оңой эле бузуп кирип, камай турган Саламаттыкты сактоо министрлиги эмес. Мүмкүн кире бериште талаш-тартыш болгондур, моюнга алыш керек, аларга атайын күчтөр күн сайын кирбейт. Экинчиден, эгерде ММКлар жазгандай, ушундай ызы-чуу болгондо, кылмышка шектүү адам эчак эле бардык далилдерден кутулмак. Пара алып жатканда кылмышкерди кармоо үчүн дал ушундай күтүлбөгөн нерсе болоору белгилүү.

Демек, Башкы прокуратура УКМКнын жетекчилигине кабарлаган болушу мүмкүн деген божомол бар. Анын үстүнө прокуратура мындай кармоолор Башкы прокуратуранын, УКМКнын жана Ички иштер министрлигинин жетекчилеринин ортосундагы келишимдин алкагында жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Бир гана ыңгайсыз жагдай, алар бул маселе боюнча УКМКнын Ички коопсуздук кызматына кайрылбай, ИИМдин спецназынын кызматынан пайдаланууну чечишкен. Балким, алар бул маалымат кылмышка шектүү адамга жетип калат деп коркушкандыр, бирок, экинчи жагынан, спецназдын келиши Оштогу күч кызматкерлери үчүн күтүүсүз болсо, анда баары кайгылуу аяктап, бири-бирин оңой эле атып салышы мүмкүн эле. УКМКнын имараты, жогоруда айтылгандай, кайтарылган объект болуп саналат, коомчулук бул тууралуу билбейт, капысынан эле камуфляж кийип, бардык курал-жарактары менен террорчулардай  басып алышса демек, бардык  күч органдарынын ортосунда келишим болгон. Прокуратуранын тергөөчүлөрү мындан ары ушундай окуяларды эске алып, мындай прецеденттерди жаратпашы керек деп билдирди.

Булак: VB.kg сайты