Коом

«Түндүк-Чыгыш» бажысынын кызматкерлери «HOWO» үлгүсүндөгү 4 унааны мыйзамсыз түрдө ээликтен ажыратканын аныкташты

«Түндүк-Чыгыш» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан товарлардын бар экендигин жана максаттуу пайдаланылышын текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө, 2018-жылы «Н.» ЖЧКсына Кытай Эл Республикасынан Кыргыз Республикасындагы ЕАЭБ бажы аймагына «HOWO» маркасындагы 4 бирдик унаа ташылып келингени аныкталган. Алар КНСти төлөө боюнча жеңилдетүүлөрдү колдонуп, ички керектөө үчүн чыгаруу жана бул товарларды пайдаланууга же тескөөгө чектөөлөр менен бажылык жактан таризделишкен.
Маалыматка ылайык, 2021-жылы ЖЧК «Н.» түзүлгөн соода-сатык келишиминин негизинде бул автотранспорт каражаттарын бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн жеке жактарга өткөрүп берген.
ЕАЭБ Бажы кодексинин 126-беренесине ылайык, бузуу фактысы аныкталгандыгына байланыштуу, аталган компания Кыргыз Республикасынын бюджетине 388 891 сом өлчөмүндө зыян келтирген, анткени шарттуу түрдө чыгарылган товарларды үчүнчү жактарга берүүгө, анын ичинде аларды сатууга же башка ар кандай ээликтен ажыратууга тыюу салынат.
Бул факты КБР АДС МКЖга катталып, чогултулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button