Коом

Өзгөндө 75 орундуу жаңы бала бакча пайдаланууга берилди

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Жылалды айылында 75 орундуу “Саадат эне” бала бакчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин өкүлү Зиядин Жамалдинов, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Шабдан Абыкаев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Аталган балдар бакчасында учурда 55 бала тарбияланууда. Курулуштун баасы 30 миллион сомду түзүп, республикалык бюджеттен каржыланды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button