Коом

Франциялык компания Ысык-Көлгө 61 млн долларга канализация куруп беришет

Франциялык компания Ысык-Көлдө канализация курат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Мамкурулуштун директорунун биринчи орун басары Жолдошбек Абдыраев билдирди.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл облусундагы тазалоочу жайларды куруу боюнча долбоор даярдалууда.

«АӨБдүн жардамы менен франциялык компания тандалып алынган. Долбоор 61 млн долларга бааланган», — деди Абдыраев.

Бостери жана Кара-Ой айылдарынын ортосуна канализация курулат. Мындан тышкары, бул каражатка туристтер үчүн инфраструктура оңдолуп, тарыхый музей ремонттолот. Француз компаниясы менен түзүлгөн келишим жазында парламенттин ратификациясына коюлат. Бирок анда компаниянын аты аталган жок.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button