Коом

Москвада кыргыз диаспораларынын форуму өттү

Москвада кыргыз диаспораларынын жыйынтыктоочу форуму өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргыз диаспора кеңеши тарабынан уюштурулуп, ага Жогорку Кеңештин депутаты М.Алиев, КР Акыйкатчысы А.Абдрахматова, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Н.Базарбаев, Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин жана Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү катышты.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында 29-январда элчилик Кыргызстандан келген расмий өкүлдөр менен Россиянын аймактарынан келген кыргыз диаспора уюмдарынын жана бирикмелеринин активисттери жана лидерлери менен өзүнчө жолугушуу уюштурду.

Жолугушууда катышуучулар актуалдуу миграциялык маселелер, Россиядагы кыргыз жарандарынын укуктук абалы, анын ичинде жүк-200 менен иштөө тартибин жөнөкөйлөтүү боюнча пикир алышты.

Россиянын аймактарынан келген кыргыз диаспора уюмдарынын жана бирикмелеринин активисттерине жана жетекчилерине бардык кызыктырган маселелер боюнча маалымат жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Терс кесепеттерди жоюу үчүн келген мамлекеттин мыйзамдарынын бардык талаптарын сактоого көңүл бурулду.

Иш-чаранын соңунда Россиядагы кыргыз жарандарынын абалын жакшыртууга багытталган аракеттерди бириктирүү максатында, жыйындын катышуучулары Кыргызстандын кызмат адамдары менен диаспора уюмдарынын ортосундагы туура байланышты күчөтүүнү, ошондой эле мекендештер арасында түшүндүрүү иштерин активдештирүүнү сунушташты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button