Коом
2-февралга карата аба ырайы
Бейшемби күнү айрым облустарда жамгыр, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +5…+10, Талас өрөөнүндө +4…+9, Ысык-Көл жергесинде +1…+6, ал эми Нарында -1…-6 градус суук болот.
Бишкекте күндүн экинчи жарымында жамгыр, кар жаайт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкек менен Ошто +8…+10 градус болору болжолдонду.