Коом

Улан Ниязбеков: Коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн ички иштер органдарын санариптештирүүнү улантышыбыз керек

Ички иштер министрлигинде өткөн коллегияда Улан Ниязбековдун ички иштер органдарын санариптештирүү багытында сүйлөгөн сөзү:
Дүйнөлүк деңгээлде эң алдыңкы багыттарды ээлеп турган санарип тармагы адам турмушунун маанилүү жана орун алмашкыс бөлүгү болуп эсептелет. Бардык заманбап технологиялар – мезгилдердин агымын жиреп, ааламды багындырып турган чагы. Адам коомунун коопсуздугу эле эмес, жалпы турмуштук шартта технологиялардын жардамы жок жашоону элестетүү кыйындыкка келген учуру деп айтсак болот.
Жаңы чакырыктарды эске алып, замандын талабынан артта калбай, бүтүндөй заманбап стандарттарды пайдаланып, элдин коопсуздугун сактап, кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү ишке ашыруу – бардык ички иштер органдарынын башкы максаты болуп эсептелет.
Ушул техно-электрондук тутумду биздин ыкчам-кызматтык ишмердикке туура айкалыштырып, жигердүү колдонгондо гана – жемиштүү натыйжаларга жете алабыз. Аны практика жүзүндө өзүңүздөр көрүп жатасыздар. Коомдук жайларга видеокамераларды орнотуп, аларга мониторинг жүргүзүү үчүн Ички иштер министрлигине туташтыруу бул санарип тутумунун бир гана багыты болуп эсептелет. Тутумду ишке ашыруу үчүн, бардык ички иштер органдары бир тартипте жана бирдиктүү кыймыл-аракетте иш алып барышы керек.
Өлкөбүздүн аймагындагы башка тармактар боюнча санарип тутумдары өнүгүп, бирок милициянын техникалык жана технологиялык абалы төмөн болуусуна жол берилбеши керек. Элдин коопсуздугун сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, жарандарды ыкчам тейлөө, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана башка бардык багыттар боюнча ишмердиктер, заманбап талаптарга жооп бере турган абалда болушу зарыл.
Азыркы тапта, республиканын аймагында 2 миң 177 видеокамера иштеп жатат. Анын ичинде, 519 камера аркылуу күнү-түнү мониторинг иштери жүргүзүлүүдө. Аталган камералар республиканын негизги райондоруна жана кооптуулук мүмкүн болгон жайларга орнотулган.
Бирок, быйылкы жылы ар бириңиздер өзүңүздөр жооптуу болгон аймактарга камераларды орнотуп, Ички иштер министрлигине туташтырууга жетишиңиздер. Мындан ары да санарип багытын күчөтүү боюнча ар бириңиздер өз алдынча аракеттерди жасап, натыйжалуу иштерди алып барыңыздар.
Убакыт өткөн сайын жаңы коом түптөлүп, жашоого жаңы көз караш менен караган, акыл-эси, таалим-тарбиясы, ички дүйнөсү жаңы доордун өзгөчөлүгүнө ылайыкташкан кийинки муундун катмары түптөлүүдө.
Социалдык турмуш-тиричиликте орун алып жаткан жаңы эрежелер, адамдын жашоого карата мамилесин күн сайын өзгөртүп жаткан чагы.
Бул чакырыктарга коопсуз кадам таштап, жалпы журттун турмушундагы бардык бейпилдик шарттарын түзүп, иш алып баруу – милициянын мойнундагы милдет болуп эсептелет, — деп сөзүн жыйынтыктады Улан Ниязбеков.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button