Айнура Аскарова менен Марат Тагаев маданият, маалымат, спорт жана
жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалды.
Алар Союзбек Надырбеков менен Түмөнбай Колдошевдин ордуна келишти.
Айнура Аскарова Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты болчу. Ал
эми Марат Тагаев «Азаттык Медиада» иштеген.
Буга чейин Түмөнбай Колдошев Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик
маданият жана искусство университетинин ректору болгон.