Коом
9-февралга карата аба ырайы
Бейшембиде күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй менен Таласта +1…+6, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +4…+9, Ысык-Көл өрөөнүндө +3…+8, ал эми Нарында -2…+3 градус болору айтылды.
Бишкек менен Ошто күндүз мезгил-мезгили менен кар жаайт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +4…+6, Ошто +7…+9 градуска көтөрүлөт.