Коом

2023-жылы дыйкандарга 5 млрд сомдон ашык жеңилдетилген насыялар бөлүнөт

«Айыл чарбасын каржылоо» долбоорунун алкагында дыйкандарга жеңилдетилген насыяларды берүүгө 5.8 млрд сомго жакын каражат бөлүнөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү «Элдик» депутаттык тобунун жазгы талаачылык айыл чарба иштерине даярдык көрүү боюнча жыйынында билдиришти.

Депутат Аманкан Кенжебаев «Айыл чарбасын каржылоо» долбоорун ишке ашыруу боюнча маселени көтөрдү.

Баяндамачылар дыйкандарга жеңилдетилген насыяларды берүү үчүн «Айыл Банкка» 2 млрд 900 млн сом бөлүнөрүн, «РСК банкка» дагы ушундай эле сумманы бөлүү пландалып жатканын белгилешти.

Депутат ошондой эле быйылкы жылдын үрөн чарбаларын субсидиялоо маселесине кызыкты. Айыл чарба министринин орун басары Мурат Раматов суроого жооп берип жатып, 2022-жылы субсидиялардын көлөмү 136 млн сомду түзсө, быйыл 114 млн сом бөлүү пландалып жатканын билдирди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button