Кыргыз Республикасынын Биринчи айымы Айгүл Жапарова 13-февралда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Венгрияга болгон расмий сапарынын алкагында Будапешт шаарындагы Этнография музейинде “Улуттук салттын керемети” аттуу Эл аралык этно-фотокөргөзмөсүнүн ачылышына катышты.

Көргөзмөнүн негизги экспонаттары болуп Кыргызстандын байыркы жана орто кылымдардагы эстеликтерин изилдөөнүн жүрүшүндө археологдор тарабынан табылган сейрек кездешүүчү музей буюмдарынын фотоматериалдары, ошондой эле музейдин этнологиялык коллекциялары саналат. Алардын арасында зергерчилик жана кийим-кече, сак доорунан азыркыга чейинки ат жабдыктары, булгаарыдан жасалган буюмдар, кийиз жана башкалар бар. Ошондой эле элдик оюндар боюнча фотоматериалдар коюлган.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи менен Будапешттеги этнография музейинин ортосунда кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюлду.

14-февралдан 19-февралга чейин Будапешттеги Этнография музейинде Венгриянын борборунун коноктору үчүн “Улуттук салттын керемети” аттуу Эл аралык этно-фотокөргөзмөсү ачык болот.