Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин балансында 2 миң 139 объект бар, анын 80 пайызы авариялык абалда. Бул тууралуу аталган министрликтин башчысы Алтынбек Максутов коллегияда билдирди.

Анын айтымында, 40 объект жараксыз абалда. Анын ичинде Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети, М.Абдраев атындагы республикалык атайын орто музыкалык мектеп-интернаты, Москва районундагы Маданият үйү жана башкалар бар.

Ошондой эле министр белгилгендей, 40 объект оңдоп-түзөөгө муктаж. Аларга Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи, К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры, министрликтин борбордук аппараты жана башкалар кирет.