Коом

Биринчи айым Айгүл Жапарова Бишкектеги балдар үйүнөн кабар алды

Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова Бишкек шаардык Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо адистештирилген борборунан (балдар үйү) кабар алды.

Айгүл Жапарова бөбөктөрдү тарбиялоо шарты менен таанышып, балдар үйүнүн кызматкерлери менен баарлашты. Ал балдарга кам көрүп, аларга энелик мээримин төккөн мында иштеп жаткан ар бир табиячынын эмгеги зор экендигин баса белгиледи.

Ошондой эле, балдар үйүнө Айгүл Жапарова өзү жетектеген «Эне-балага тирек» фондунун атынан керектүү буюмдар топтому камтылган гуманитардык жардам тапшырылды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button