ЕРӨБдүн божомолу: Кыргызстандын ИДПсы жакынкы эки жылда жылына 7%дан өсөт
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) 2023-2024-жылдарга карата өлкөлөрдүн экономикасынын өсүшү боюнча болжолун жаңылады. ЕРӨБ берген маалыматтарды жана корутундуларды карай турган болсок, Кыргызстандын экономикасы орто мөөнөттүү келечекте жогорку өсүш темптерин сактап кала алат.
ЕРӨБ 2023-жылы Борбор Азиядагы өндүрүш 4.9% өсөт деп болжолдоодо. Ал эми 2024-жылы өндүрүштүн өсүшү 5.4% га чейин жогорулашы күтүлүүдө, бул пландаштырылган инфраструктуралык инвестициялардын, товарлардын жогорку баасына жана жогорку квалификациялуу адистердин жана бүтүндөй бизнестин Россиядан Борбордук Азияга көчүрүлүшүнө байланыштуу болмокчу.
ЕРӨБ Кыргызстандын ИДПсы 2023-жылы 7%га өсүп, 2024-жылы 7.2%га чейин тездейт деп болжолдоодо. Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын экономикасы жакынкы эки жылда азыраак өсүш көрсөтөт. Ал эми Монголия менен Тажикстандын экономикалары, тескерисинче, өсүү темпи боюнча КРны оозуп өтөт.