Коом

Улан Ниязбеков: Элибиз үчүн кызмат кылуу – ар бир милиционер үчүн сыймык болушу керек

2023-жылдын 27-февралында  ички иштер министри Улан Ниязбеков коомдук тартиптин сакталышы, кылмыштардын бетин ачуу жана алдын алуу багытында көрүлүп жаткан ыкчам чаралар  туурасында онлайн кеңешме өткөрдү. Ага  министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

Онлайн кеңешменин жүрүшүндө Улан Ниязбеков сөз сүйлөп, элдин коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыздап, өлкөнүн өнүгүшүнө чоң салым кошуп, жүктөлгөн милдеттерди так аткарууга, талыкпаган эмгек жасоого ар бир милиция кызматкери милдеттүү экендигин белгиледи.

 

 

 

 

 

 

 

 

“Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, 2022-жылдын жыйынтыгы менен болуп өткөн коллегияда, ротация иш-чарасы боюнча баарыңыздарды тааныштырып, тиешелүү чечим кабыл алганбыз. Анын алкагында, шаардык жана облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмдөрүнүн жана жер-жердеги айрым ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилерине ротация жүргүздүк. Андан тышкары, конкурстук комиссиянын жыйынтыгы менен Ички иштер министрлигинин кээ бир кызматтарынын, башкармалыктарынын жетекчилери жана алардын орун басарлары дайындалышты. Ротация ишмердиги ушуну менен токтоп калбайт, мындан ары дагы улантылат. Азыркы учурда, ар бир жетекчиге карата жекече баа берүү жана ишмердигин дыкаттык менен баалоо иштерин жүргүзүп жатабыз. Анын жыйынтыгында, жүктөлгөн милдеттерин аткара албаган, элдин коопсуздугун камсыздоону уюштурбаган жетекчилер ротация болбойт, алар ээлеген кызматтарынан бошотулат. Себеби, ротация жөн эле орун алмаштыруу эмес, анын эң башкы максаты – элдин коопсуздугун камсыздоо, жарандарга ак ниет кызмат көрсөтүп, жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткаруу болуп эсептелет. Бул тартипти – “мага тигил жерден кызмат берсин” деп, ар кимди ортого салып, эч кандай жумуш жасабай отурган жетекчилерге эскертемин. Эл арасында көйгөй жараткан, анын ичинде коомдук тартип бузууга же жарандардын тынч жашоосуна тоскоолдуктарды пайда кылган бардык көрүнүштөр менен иш алып баруу – ички иштер органдарынын милдеттеринин бири экендигин эсиңиздерден чыгарбаңыздар.

Чек-ара аймактарында, айрыкча Баткен облусунун чек-ара тилкелерине жакын жашаган калк арасында укук бузууларды болтурбоо, чыр-чатактардан оолак болуу боюнча пропагандалык алдын алуу иштерин жүргүзүү керектигин белгилеймин”,-  деди ИИМдин башчысы.

“Дагы бир маанилүү учурга токтолуп өтсөм. Ички иштер органдарында дили таза, намыска бекем турган, аткарып жаткан кызматына шалаакы мамиле жасабаган, кылмыштан же окуядан жабыркаган жарандардын кайгысын терең сезген кызматкерлер иштеши керек. Мындай кызматкерлерди – милициянын уңгусу деп билсек болот. Тилекке каршы, арабызда өз кесибин сыйлабаган, кызматтык кызыкчылыкты жеке кызыкчылыгына алмаштыргандар бар. Ар бир өлкөнүн тарыхы, элинин менталитети, коомдук көз караштары жана баалуулуктары ар башка экендигин жакшы билесиздер. Бирок, биздин элибиздеги нарктуулук, улуттук ар намыс деген ыйык нерселер башка бир дагы элде жок. Журт намысын жашоодон бийик койгон, кандай маселе болбосун калыстык менен чечип, бекем тартипти сактап, атуулдук ариетти муундан-муунга өткөрүп келе жаткан айкөл элибизге кызмат кылуу – ар бир милиционер үчүн сыймык болушу керек. Адамга сый мамиле жасоо, бирөөгө кыянаттык кылбоо, өз милдетин так аткаруу деген сапаттар өздүк курам арасында бекем чыңалып, ар бир кызматкердин жан дүйнөсүндө орноп турушу зарыл.

Бул сапаттарды чыңдап, Президентибиздин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө”, ошондой эле “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыктарын ишке ашыруу максатында, менин орун басарларым, генералдар кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү менен бирге 20-февралдан баштап, жер-жердеги ички иштер органдарын кыдырып, өздүк курамга жана ардагерлерге жолугушууларды өткөрүп жатышкандыгын жакшы билесиздер.

Себеби, бүгүнкү дүйнөлүк ааламдашуу процесси жүрүп жаткан мезгилде, тарыхыбызды жүрөгүбүзгө бекем сактап, көөнөргүс улуттук баалуулуктарды, “Мекениме кызмат кылам!” деп эл алдында берген антыбызды жана “Кызматыбыз эл үчүн!” деген милициянын ураанын унутта калтырбай, даңазалап жайылтуу – ар бир кызматкердин жана ардагердин башкы милдети болуп эсептелет. Ушул жылдын 2-февраль күнү “2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында кадрларды өнүктүрүүнүн жана түзүүнүн мамлекеттик стратегиясын бекитүү тууралуу” Президенттин № 17 сандуу  Жарлыгы чыккан.

Аталган Жарлыктын мазмуну – коомго ак ниет кызмат кылууга, мамлекеттин максаттарын, милдеттерин жана функцияларын сапаттуу аткарууга багытталган кесипкөй кадрдык аппаратын түзүү болуп эсептелет. Сапаттуу кадрларды даярдап, элге сервистик тейлөө көрсөтүүнү чыңдап, жарандардын арыз-даттанууларын калыс чечип, ак ниет кызмат кылуунун натыйжасында – элдин милицияга болгон ишенимин жогорулатууга басым жасашыбыз керек”,- деп Улан Ниязбеков баса белгиледи.

Жогоруда аталган маселелер боюнча ИИМдин кызматтары менен башкармалыктарынын жана шаардык жана облустук жетекчилердин ушул багыттагы ишмердүүлүктөрү кеңири талкууланды. ИИМдин башчысы  Улан Ниязбеков онлайн чогулуштун жүрүшүндө жогоруда белгиленип өткөн учурлардын негизинде бир катар тапшырмаларды коюп аны кынтыксыз аткаруу керек экенин белгиледи, – деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматынан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button