Коом

Бишкектин 5 конушун өнүктүрүү боюнча долбоор талкууланды

Бишкек мэриясында Ак-Босого, Арча-Бешик, Бакай-Ата, Калыс-Ордо жана Рухий-Мурас конуштарын өнүктүрүүнүн техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу долбоорун ишке киргизүү боюнча семинар өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, семинардын жүрүшүндө катышуучуларга техникалык тапшырмалар жана иштин этаптары көрсөтүлдү.

Пландарды ишке ашыруу үчүн Ленин, Свердлов жана Октябрь райондорунун бирден конушунун аянты, ошондой эле Биринчи май районунун эки конушу камтылды.

Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин командасы жана БУУ ЕЭК (UNECE) көз карандысыз консультанттар тарабынан даярдалган изилдөө көрсөтүлүп, ал учурдагы долбоордун негизи болду.

Семинарды борбор калаанын мэриясы Азия шаарларын өнүктүрүү демилгеси жана Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен уюштурган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button