Административдик имараттар Баткен шаарынын чет жагына чыгарылат. Тагыраагы, калаадан анча алыс эмес Бужум айылына административдик имараттар курулат. Бул туурасында акимчиликтин маалымат кызматы билдирди.
Аталган имаратта райондук администрация, Калкты тейлөө борбору, «Кадастр» мамлекеттик мекемеси, Суу чарба башкармалыгы, «Кыргыз телеком» жана Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жайгашат.
«Заманбап үлгүдөгү имараттардын курулушу жакында башталып, жыл аягына чейин пайдаланууга берилет. Бул үчүн райондун Бужум айылынан 15 гектар жер бөлүнгөн», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, учурда райондун акимчилиги жана башка мамлекеттик мекеме-ишканалар Баткен шаарында өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө.