Коом

«Бир айыл – бир продукт» долбоору жалпы Кыргызстанда ишке ашырылат

«Бир айыл — бир продукт» Улуттук экономикалык долбоору жөнүндө» жарлыкка кол коюлду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

«Бир айыл — бир продукт» долбоору (БАБП) өлкөнүн региондорун өнүктүрүү максатында Японияда иштелип чыккан жана ал калктын бакубаттуулугун жогорулатууга олуттуу салым кошкон.

БАБП долбоорунун концепциясы тигил же бул регионду чагылдырган уникалдуу, сапаттуу продукцияны изилдөө жана өндүрүү болуп саналат. БАБП долбоору үч принциптен турат:

  • «өз күчүнө ишенүү жана креативдүүлүк»;
  • «адам ресурстарын өнүктүрүү»;
  • «жашаган жерине жараша ой жүгүртүү, бирок глобалдуу аракеттенүү».

Долбоор жергиликтүү ресурстардан сапаттуу продукция өндүрүүнү, бизнести башкаруу, маркетинг жана продукцияны сатуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү көз карашынан алганда өндүрүүчүлөрдүн көндүмдөрүн өнүктүрүүнү, продукцияны жергиликтүү жана эл аралык рыноктордо илгерилетүүнү, жергиликтүү бренддерди түзүүнү жана продукциянын баалуулугун жогорулатууну болжолдойт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button