2-март күнү Кыргызпатент демилгелеген “40 райондон 40 демилге” долбоорунун алкагында республиканын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди жыйынтыктоочу тандоо болуп өттү.

Иш-чарада акселерациялык программадан өткөн 28 катышуучу министрликтердин, ведомстволордун жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн турган Ведомстволор аралык комиссияга өздөрүнүн долбоорлорунун бетачарларын жасашты.

Республиканын аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө жетишүү үчүн экономиканы, илимди жана техниканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча инновациялык долбоорлорго өбөлгө түзүү жана илгерилетүү максатында, Кыргызпатент андан ары каржылоосу үчүн Ведомстволор аралык комиссия тарабынан 8 долбоор тандалып алынды.

Кыргызпатент тандалып алынган долбоорлорду 1 000 000 (бир миллион) сомго чейин каржылайт.

Маалымдама: Республиканын бардык аймактарынан тандоого жалпысынан 98 өтүнмө келип түшкөн. Ведомстволор аралык комиссия тарабынан 28 долбоор алдын ала тандалып, катышуучулар бизнес-пландоо, маркетингдик көндүмдөр жана питчинг боюнча эки айлык акселерациялык программадан акысыз негизде өтүшкөн. Долбоорлор тармактык тиешелүүлүгүнө жараша көз карандысыз эксперттердин баалоосунан өткөн.

Тандоонун жыйынтыгы боюнча ар бир инновациялык долбоорго төмөнкү чечимдердин бири кабыл алынат:

– долбоордук сунушка ылайык каржылоо;

– жарым-жартылай каржылоо;

– каржылоодон баш тартуу.

Тандоонун жыйынтыгы боюнча ведомстволор аралык комиссиянын чечими менен кийинки долбоорлор тандоодон өттү:

1.“Basааlam”, Апитаев Автандил, Чүй облусунун Чуй району, – бул БЦП менен ооруган балдарды жана жамбаш-кашка жилик бел курчоонун жана арка омуркалардын майыптыгын калыбына келтирүү, толук жана жарым-жартылай шал оорусуна алып келген ар түрдүү неврологиялык ооруларды жана инсульттан кийин калыбына келтирүү үчүн ортопедиялык ылайыктыштырылган буюмдарды даярдоо боюнча цехи.

  1. Дуулатов Айжигит, Джалал-Абад облусунун Ала-Бука району. Кара өрүктү жана жапайы алманы сорттоо, жууп жана буу менен иштетүү боюнча ырааттуулук чынжырын орнотуу аркылуу кургаткыч цехти жанылоо.
  2. Досатов Замибрек, Баткен облусунун Кадамжай району. Аз түшүм берүүчү дөнсөөлүү жерде биогумусту пайдалануу менен кызыл өрүк бакчасын «акылдуу» тамчылатып сугаруу.

4.Туратбекова Жибек, Ош облусунун Чоң-Алай району. Кол өнөрчүлөрдүн арасында ишкердикти өнүктүрүү.

  1. Аскарбеков Нурдоолот, Талас облусунун Талас району. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгу чектелген балдар үчун колдун дизайнердик 3D-протездери.
  2. Джунушев Данияр, Чүй облусунун Ысык-Ата району. «Ранчо» агрокомплексинин ишмердүүлүгүн кеңейтүү жана «Акылдуу ферма» башкаруу системасын ишмердүулүктө жайылтуу.
  3. Толомушев Турсунали, Баткен облусунун Баткен району. «Өрүк Курут» жаңы азыгын массалык иштеп чыгаруу жана аны патенттөө.
  4. Осмонова Жыпаркул, Нарын облусун Нарын району. Малина, чычырканак, өрүк кошулган сүзмө.