Коом

8-мартта ичип алып унаа айдаган 75 киши күбөлүгүнөн ажыратылышы мүмкүн

Өлкөдө 8-мартта мас абалында автоунаа башкарган 75 киши аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, кечээ күндөн тарта жол эрежесин бузгандарга карата жаңы эрежелер күчүнө кирген. Эми мас абалында унаа башкаргандарга мурдагыдай 17 500 сом айып салынбай, дароо эле айдоочулук укугу бир жылга жокко чыгарылат. Дагы кайталанса үч жылга рулга отуруу укугунан ажырайт.
Ишти инспекторлор сотко жөнөтөт.
Мындан сырткары, документи жок унаа башкарган 63 айдоочу аныкталган. 988 киши ылдамдыкты ашырып айдаган.
Жалпысынан 8-мартта 2 419 жол эрежесин бузуу катталган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button