Коом

20 млн сомдук зыян алып келген «Альфа Телекомдун» мурдагы жетекчилеринин бири кармалды

Ашыкча баа менен жабдууларды сатып алуу боюнча «Альфа Телеком» ЖАКнын мурдагы жетекчилеринин бири кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Такталгандай, «Альфа Телеком» ЖАКтын IT-технология боюнча департаментинин жетекчилери жана башкы директорунун мурдагы орун басары П.М.А., жеке катышуучулар менен келишим түзүп, алар жогорулатылган баада IT жабдууларын сатып алышкан.

«Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө тиешелүү экспертизалар дайындалып, алдын ала 20 млн сомго жакын зыян келтирилген», — деп мекеме белгиледи.

Алынган далил материалдардын негизинде П.М.А. КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button