Коом
Кыргызстандын ишкерлери АКШга бизнес-турга чакырылды
Америкалык соода палатасынын мүчөлөрү АКШга бизнес-саякатка барууга мүмкүнчүлүгү бар. Чакыруу палатанын баракчасында жайгаштырылган.
Программанын максаты — Кыргызстандагы бизнес ээлерине жана компаниялардын топ-менеджерлерине инновациялар, иштеп чыгуулар жана америкалык компаниялардын иштөө принциптери жөнүндө эң алдыңкы билимдерди алуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк берүү.
Мындан тышкары, программа Сан-Францискодо, Остинде, Вашингтондо жана Нью-Йоркто жайгашкан уюмдар жана компаниялар менен жолугушууларды, турларды жана талкууларды уюштуруу аркылуу өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө жардам берүүнү көздөйт.
Бизнес-тур 2023-жылдын 22-апрелинен 6-майына чейин өтөт.