«Бардык сыноолордон, кыйынчылыктардан, тикенектүү жолдордон жана жеңиштерден өтүп, жалпы тагдырыңардын бурулуштарында сиз ага чексиз колдоо көрсөттүңүз», – деди Федералдык Жыйындын Федерация Кеңешинин Төрагасы Валентина Матвиенко Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапаровага кайрылып жатып.

«Ал эми эненин, аялдын мындай миссиясы чоң урмат-сыйга татыктуу. Атактуу тасманы эстесең, досу досуна: «Генералдын аялы болуш үчүн лейтенантка турмушка чыгуу керек. Аны менен бирге узак жолду, бардык казармаларды, бардык кыйынчылыктарды басып өтүү керек. Демек, сиз азыр татыктуу түрдө президенттин жубайысыз», – деди Матвиенко.

Эскерте кетсек, 7-мартта Москвада өткөн кыргыз-орус аялдар форумуна Жогорку Кеңештин айым депутаттары Айгүл Жапарова, министр айымдар катышты.