Коом

Шайлообек Атазов Улуттук Бокс федерациясынын ишмердүүлүгүн жандандыруу боюнча демилге көтөрүп, жыйын уюштурду

Жогорку Кенештин депутаты Шайлообек Аташов  Улуттук Бокс федерациясынын ишмердүүлүгүн жандандыруу боюнча демилге көтөрүп, жыйын уюштурду. Бул тууралуу эл окулу Facebook социалдык тармактагы баракчасына билдирди:
«Бүгүн Улуттук Бокс федерациясынын ишмердүүлүгүн жандандыруу боюнча демилге көтөрүп, жыйын уюштурдум.
Жолугушууга ЖК депутаты, бокс федерациясынын вице-президенти Коргонбай уулу Жусуп, Улуттук бокс федерациясынын президенти Умбеталы Кыдыралиев, бокс федерациясынын биринчи вице-президенти, дүйнөнүн 7 жолку чемпиону Орзубек Назаров, дүйнөнүн чемпиону, федерациянын вице-президенти Айбек Абдымомунов, федерациянын аткаруучу директору Орозбек Евгачев жана башка вице-президенттер катышып, улуттук бокс федерациясынын максаттуу иштеши туурасында талкуу болуп бир нече сунуштар айтылды:
1. Спорт федерациясындагы дарыгердин жетишсиздиги
2. Вице-президенттердин ишмердүүлүгүн активдештирип алгылыктуу иш алып баруусу
3. Дүйнөлүк чемпионатка жана Азия оюндарына болгон даярдык
4. Улуттук бокс федерациясынын мүмкүнчүлүктөрү жана финансы маселеси аны чечүү жолдору
5. Кыргызстандагы жаш боксчулар курамын бекемдөө
6. Элеттеги жаштарды спортко чакыруу максатында ар бир облуста турнирлерди өткөрүү
7. Кыргызстандын бокс федерациясы машыктыруучулар кеңешинин курамын бекитүү жана төрагасын аныктоо. Ошондой эле машыктыруучулардын кеңеш курамына 7 облустан 7 адамды, республикалык маанидеги Бишкек жана Ош шаарларынан 2 адамды киргизүү сунушун кылдым» — деп жазган Атазов.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button