Бишкек шаарынын мэриясы 21-мартта “Ала-Тоо” аянтында Нооруз майрамына карата бир нече иш-чара өткөрүлөрүн билдирип, программасын жарыялады.
Салтанат борбордук аянтта саат 10:00дө башталып, майрамдоо калаанын бардык райондорунда өткөрүлөт.
Октябрь району:
19-март саат 19:00дө — Алтын-Ордо конушунда сүмөлөк даярдалган майрамдык иш-чара өткөрүлөт;
21-март саат 10:00дө — №73 мектепте Туңгуч кичи районунун тургундарынын “Спорттук Нооруз” спартакиадасы;
21-март саат 10:00дө — Көк-Жар конушунун №103 мектебинин аймагына боз үй тигилип, салтанаттуу иш-чаралар, улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлүп, майрамдык дасторкон жайылат.
Свердлов району:
20-мартта саат 10:00дөн 20:00гө чейин — Ак-Бата конушунда элдик майрамдоо уюштурулуп, боз үй тигилип, дасторкон жайылып, концерттик программа тартууланып, улуттук оюндар жана спорттук мелдештер өткөрүлөт;
22-мартта саат 14:00дө — Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында «Сармерден» өткөрүлөт.
Ленин району:
21-март — Чоң-Арык айылында “Нооруз — 2023” майрамдык иш-чаралары уюштурулат;
21-мартта саат 10:00дө — Арча-Бешик конушунда “Тушоо кесүү” аземи менен майрамдык иш-чара уюштурулат;
21-март саат 10:00дө — Ак-Ордо конушунда дасторкон, концерттик программа жана улуттук оюндарды уюштуруу менен элдик майрамдоо болот.
Биринчи май району:
21-мартта саат 10:00дө — Мурас-Ордо жаңы конушунда улуттук оюндар, аркан тартыш, ордо, тогуз коргоол, кичи футбол жана эстафеталык жарыш уюштурулат.