Коом

Текшерүүдөн баш тарткан форель өндүрүүчү ишканалар текшерүү учурунда иштебей турган – Айыл чарба министрлиги

Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария кызматы Россельхознадзордун сайтында кыргыз ишканаларынын текшерүүдөн баш тартканы тууралуу маалыматка байланыштуу Economist.kg сайтына маалымат берди.  

Анда белгиленгендей, Россельхознадзор Кыргыз Республикасынын тогуз балык чарбаларын жана балык кайра иштетүүчү ишканаларын ветеринардык талаптарга, анын ичинде ветеринардык документтерди чогултуу жана даярдоо боюнча иш-чаралардын сакталышын текшерди.

«Башында макулдашылган тогуз ишканадан тышкары, текшерүү башталганга беш күн калганда Россельхознадзордун ветеринардык инспекторлору текшерүүгө алынган ишканалардын тизмесине мыйзам бузуулар аныкталбаган дагы алты ишкананы киргизишти», — деп билдирди басма сөз кызматы.

Ошол эле учурда Россельхознадзордун инспекторлорунун негизги шарты текшерүү мезгилинде ишканаларда өндүрүштүк процесстер үзгүлтүксүз жүргүзүлүшү керек деген талап болду.

«Алты ишкана текшерүүгө катышуудан баш тартууга аргасыз болду, анткени алардын төртөө оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат, калган эки ишкана өз ишин токтотту. Бирок ага карабастан, алардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү бардык керектүү документтер Россельхознадзордун инспекторлоруна берилген», — деп айтылат билдирүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button