Коом

Баткендеги Ак-Сай айылында 75 орундуу балдар бакчасынын курулушу башталды

Баткен районундагы Ак-Сай айылында 75 орундуу балдар бакчасынын курулушу башталды.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришендей, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 21-мартта Ак-Сай айылына барып, курулушка капсула салган.

Бала бакчанын курулушу Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып, АРИС аркылуу ишке ашырылууда. Курулуш иштери ушул жылдын сентябрында аяктайт.

Өкүлчүлүктөн кошумчалашкандай, Бакыт Төрөбаев ошондой эле Ак-Сай айылындагы жаңы бүткөрүлгөн үйлөрдөн кабар алды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button